Кайсы депутат Башпрокурордун кабылдамасында 3 саат күткөн?

Автор

“Башкы прокурордун кабылдамасында кире албай 3 саат кайсы депутат күткөнүн билебиз. Калп эле коркпогон киши болуп көрүнө бербегилечи”,- деди депутат Шайлообек Атазов Адилет министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда. Аталган депутат мыйзам долбоорун артка кайтаруу демилгесин көтөрүп, “прокуратура коркутуп, үркүтө берсе эле кабыл алып беребизби”,-деген эле. Сөз алган депутат Эмил Жамгырчиев “эч ким коркпойт, бул долбоор комитетте талкууланган”,- деп каяша айтты.

Коомчулукта башкы көзөмөл органдын кабылдамасында Эмил Жамгырчиев отурду беле деген бүдөмүк ой пайда болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Бангладешти жеңди

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азия чемпионатынын борбордук зонасында Бангладештин командасын жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Непалдын Катманду шаарында өтүп жаткан мелдеште Кыргызстандын курамасы Бангладештин командасын 3:0 эсебинде жеңген. Кыргызстандын командасы буга чейин Непал жана Индиянын командаларынан жеңилген. Эми команда турнирде 5-8-орундар үчүн ойноп, алгач […]

Сизге жагышы мүмкүн