G20 саммитинин жыйынтыктоочу декларациясындагы негизги темалар

Автор

G20 лидерлери чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү жакташат жана бүткүл адамзат үчүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө милдеттенишет. Бул тууралуу Индияда өткөн G20 саммитинин жыйынтыктоочу декларациясында жазылды. Документте Дүйнөлүк соода уюмун реформалоо зарылчылыгы, Украинадагы жаңжал боюнча ар кандай пикирлер баса белгиленди.
Украина жаңжалы тууралуу
Кырдаалга ар кандай баа берилип, түрдүү көз караштар айтылды. Документте Украинадагы согуштун дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, макрофинансылык туруктуулукка, инфляцияга жана экономикалык өсүшкө карата терс кесепеттери тизмеленди.
Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө
G20 өлкөлөрү глобалдык азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана бардыгын азык-түлүк менен  камсыз кылууга убада беришти. Түркиянын дан келишимин уюштуруу аракетин жогору бааланып, Россия Федерациясы менен Украинадан эгин, азык-түлүк жана жер семирткичтерди токтоосуз жана тоскоолдуксуз жеткирүүү, аны толук, өз убагында жана натыйжалуу ишке ашырууга чакырышты.
ДСУ реформасы
ДСУнун бардык функцияларын жакшыртуу үчүн реформалоо зарылдыгы дагы бир жолу ырасталды. 2024-жылга чейин бардык мүчөлөр үчүн жеткиликтүү болгон талаш-тартыштарды чечүүнүн толук иштеген системасын түзүү максатында талкууларды өткөрүү жагы баса белгиленди.
Африка Биримдигинин G20га мүчөлүгү жөнүндө
Африка биримдигин G20нын туруктуу мүчөсү катары куттукташып, G20га кошулушу замандын глобалдык чакырыктарын чечүүгө олуттуу салым кошору баса белгиленди. “Африка дүйнөлүк экономикада маанилүү роль ойнойт.  Африка Биримдиги менен байланыштарыбызды бекемдөөгө жана анын 2063-жылга чейинки күн тартибине ылайык анын умтулууларына жетүү үчүн колдоо көрсөтүүгө умтулабыз”,-деп жазылган текстте.
Көп полярдуу дүйнө жөнүндө
“21-кылымдын глобалдык чакырыктарына туруштук берүү жана глобалдык башкарууну натыйжалуу, ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү кылуу үчүн көп тараптуу системага жаңы дем берүү зарылчылыгы ар кандай аянттарда талкууланды. Ушуга байланыштуу көп тараптуулукту жандантуу зарыл.  Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү G20 иш-чараларына интеграциялоону улантабыз жана бул жаатта G20 катышуучуларынын демилгелерин кубаттайбыз”,-деп белгиленген.
Нью-Делиде өткөн Чоң жыйырманын саммитинен кийинки декларацияда G20нын болочок жолугушуулары 2024-жылы Бразилияда, 2025-жылы Түштүк Африкада жана 2026-жылы АКШда болоору белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форуму өтөт

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 11-13-сентябрь күндөрү КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,  темасы: “Маданияттардын өз ара аракеттенүүсү аркылуу – шериктештикке жана тынчтыкка карай”  иш-чарага катышуу үчүн шериктештик өлкөлөрүнөн 200дөн ашуун өкүл келет. Пленардык жыйындарда жана профилдик […]

Сизге жагышы мүмкүн