G20 саммитинин алдында алгач маймылдарды кубалашты

Автор

Индиянын борбору Нью-Делиде 9-10-сентябрга белгиленген G20 саммитине даярдык кызуу жүрүп жатат.
Алардын арасында мамлекеттик органдардын ишине жана шаардын борборундагы коомдук транспорттун жүрүүсүнө чектөөлөр, патрулдук кызматтардын күчөтүлүшү жана майда маймылдарды коркутууга багытталган чаралар бар.
Тамак-аш уурдап жүргөн миңдеген майда маймылдарды коркутуу үчүн шаардын тротуарларына маймылдардын чоң түрүндөгү фигуралар орнотулду.
Саммиттин жүрүшүндө мектептер, банктар, көпчүлүк жеке ишканалар жана бардык мамлекеттик мекемелер жабылып, мамлекеттик имараттардын аймагында кыймылга тыюу салынат. Коңшу мамлекеттер менен чек аралар жабылат.
Шаар гүлдөр менен кооздолуп, көпүрөлөрү түркүн түстө боёлгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк: Кыргызстанда инфляция басаңдады

Кыргызстанда жылдык инфляциянын төмөндөө тенденциясы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктын 2023-жылдын II чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда айтылат. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрында жылдык инфляция 14,7%ды түзсө, 2023-жылдын 25-августунда инфляция жылдык мааниде 9,6 пайызды түзгөн. “Ошону менен бирге, керектөө бааларынын индексинин түзүмүндө азык-түлүк товарларына, башкача айтканда, нан, ун, кант, жашылча-жемиш […]

Сизге жагышы мүмкүн