Улуттук банк: Кыргызстанда инфляция басаңдады

Автор

Кыргызстанда жылдык инфляциянын төмөндөө тенденциясы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктын 2023-жылдын II чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрында жылдык инфляция 14,7%ды түзсө, 2023-жылдын 25-августунда инфляция жылдык мааниде 9,6 пайызды түзгөн.

“Ошону менен бирге, керектөө бааларынын индексинин түзүмүндө азык-түлүк товарларына, башкача айтканда, нан, ун, кант, жашылча-жемиш ж.б. быйылкы жылдын башынан бери бул товарлардын баасы өткөн жылга салыштырмалуу бир аз гана жогорулаган. Учурда биз жашылча-жемиштерге, майларга жана тоң майларга баанын сезондук төмөндөшүн көрүп жатабыз, бул азык-түлүк инфляциясынын төмөндөшүнө шарт түзөт. Маселен, үстүбүздөгү жылдын башынан бери азык-түлүк товарларынын тобуна баалар 3,1%га жогоруласа, өткөн жылы баалардын өсүшү олуттуу (16%га жакын) болгон”, – деп айтылат билдирүүдө.

Отчетто көрсөтүлгөндөй, азык-түлүк эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы туруктуу бойдон калып, үстүбүздөгү жылы бир катар административдик баалардын (тарифтердин) өсүшү байкалган.

“Өткөн жыл геосаясий кырдаалга жана соода жолдорунун өзгөрүшүнө байланыштуу бардыгына белгилүү болгон факторлордон улам көптөгөн өлкөлөрдө баалар өскөн. Кошумчалай кетсек, өткөн жылы дүйнөлүк азык-түлүк товарларына баалар эң жогорку деңгээлде калыптанган. Жалпысынан алганда, тышкы экономикалык кырдаал белгисиз болгон, бул дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө баалардын өсүшүнө алып келген”, – деп белгиленет Улуттук банктын маалыматында.

Бөлүшүү:
Next Post

Эдил Байсаловдун отставкасы дагы көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаттары  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылышты. Шайлообек Атазов “үч фракциясынын чечими менен Эдил Байсаловдун отставкасын президентке сунуштадык эле. Үч фракциянын чечими аткарылбаса, парламент отставкага кетиши керекпи? Же, бир вице-премьер министрдин кадыры парламенттин кадырынан бийик туруп жатабы”,-деп сурады. Ал эми төрага бул маселе күн […]

Сизге жагышы мүмкүн