Copernicus: Планетанын температурасы 13 ай бою жогорку көрсөткүчкө жетти

Автор

13 ай бою планетада рекорддук жогорку температура кармалып жатат. Бул тууралуу Европалык Copernicus климаттык кызматынын баяндамасында айтылды. Июнь айы аномалдуу ысык болуп, дүйнөдө индустрияга чейинки мезгилге караганда 1,5 градус Цельсияга жылуу болду. «Бул Париж макулдашуусу тарабынан белгиленген чекке жакындагандын олуттуу эскертүүсү. Глобалдык температура тез ыргак менен көтөрүлүүдө»,-деди аталган кызматтын улук климатологу Николя Жюльен Euronewsка берген маегинде.
Эксперттердин айтымында, Жер бетиндеги бир жылдан ашык рекорддук ысык жакында аяктайт. Бирок, андан келип чыккан климаттык баш аламандык оңой эле жок болуп кетпейт.
“Температуранын 1,5 градус чектен ашкан мезгили анча узак эмес. Бирок биз климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин аба ырайында экстремалдык көрүнүштөр түрүндө көрүп жатабыз. Ири масштабдагы селдер, бороондор, кургакчылык жана ысык толкундар көбөйдү»,-деди Жюльен. Copernicus кызматынын маалыматына караганда июнь айындагы ысык түштүк-чыгыш Европа, Түркия, Канаданын чыгыш бөлүгү, АКШнын батыш бөлүгү жана Мексика, Бразилия, түндүк Сибирь, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Батыш Антарктидага өзгөчө катуу таасир эткен. Өткөн айда Пакистанда температура +47ге чейин көтөрүлгөн. Ысык урган миңдеген адамдар ооруканаларга түшкөн.
Жюльен жана башка метеорологдордун айтымында, бул абал ири өлчөмдө көмүр, мунай жана жаратылыш газын жагууда чыгарылган парник газдары менен шартталган жылуулук процессине байланыштуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро -2024: Испания курама командасы финалга чыкты

Испания курама командасы футбол боюнча 2024-жылкы Европа чемпионатынын жарым финалдык беттешинде Францияны утуп алды. Жолугушуу 2:1 эсебинде испаниялы ктардын жеңиши менен аяктаган. Франциялык Рандал Коло Муани 9-мүнөттө гол киргизди. Биринчи таймда да испандар алгач Ламин Ямалдын аракети менен эсепти калыбына келтирип, андан кийин Дани Олмонун голунан кийин алдыга чыгышты. Испания […]

Сизге жагышы мүмкүн