Фрунзенин кызы 103 жашында көз жумду

Автор

Москвада 103 жашында полководец Михаил Фрунзенин кызы Татьяна көз жумду. Ал химия илимдеринин доктору, ошондой эле Москва университетинин профессору болгон. Бул тууралуу Шуя шаарындагы Фрунзе музейинин ВКонтакте социалдык тармагындагы билдирүүсүндө жазылган. Маалыматка караганда Татьяна Михайловна 1920-жылы 2-августта туулган. Алты жашында ата-энесинен ажырап, Фрунзенин жакын досу Климент Ворошилов багып алган. Татьяна Кызыл Армиянын Аскердик химиялык коргонуу академиясын бүтүрүп, Улуу Ата Мекендик согушта танк заводунда иштеген. Менделеев атындагы химия-технологиялык институтун бүтүргөндөн кийин диссертация коргоп, эксперименталдык химия боюнча алдыңкы адистердин бири болгон.
Россиянын Коргоо министрлигинин сайтындагы энциклопедияга ылайык, Михаил Васильевич Фрунзе советтик мамлекеттик жана аскер ишмери, полководец, аскер теоретиги. 1885-жылы Пишпекте (азыркы Бишкек) туулган. Фрунзенин аскердик жетекчилиги 1919-жылы башталган. Ал советтик аскер илиминин калыптанышында жана өнүгүшүндө зор роль ойноп, аскердик искусствонун теориясы менен практикасына чоң салым кошкон. 1925-жылы 31-октябрда Москвада каза болгон. 1926-жылы анын атындагы сыйлык негизделген. Сөөгү Кызыл аянтка коюлган.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банктын алтыны кымбаттады

19-январга карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унцийин кайра сатып алуу баасы 185 миң 466,5 сом деп белгиленди. Кечээ көзөмөл органы элден 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 185 миң 319,5 сомго сатып алган. Ошентип, бир сутка ичинде баа 147 сомго, же 1,65 долларга кымбаттады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн