83 жаштагы ханыша тактыдан баш тартты

Автор

52 жыл башкарган королева Маргрете II тактыдан баш тарткандан кийин анын 55 жаштагы уулу Фредерик Х Даниянын падышасы болду. Ханыша мындай ниетин жаңы жылдык кайрылуусунда билдирген.
14-январда королдук Кристиансборг сепилинде министрлердин жыйынында 83 жаштагы ханыша Маргерет II тактыдан баш тартты.
Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жаңы башкаруучуну сепилдин балконунда жарыялады.
Тактан баш тартуу жөнүндө документке кол койгондон кийин Маргарет II жаңы падышага кызматын өткөрүп, мамлекеттик кеңештин мүчөлүгүнөн кетти. Өз кезегинде кеңешке мураскор ханзаада Кристиан кошулду.
Маргарет II 1972-жылы 14-январда таажы кийип, тактыда 52 жыл отурган. Даниянын тарыхында анын башкаруусу эң узак болду. 2023-жылы белине операция жасалганы тактыны уулуна өткөрүп берүү жөнүндө ойлонууга түрткү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактаңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Ведомстводон белгилешкендей, муздун үстүнө кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо зарыл. Мындан тышкары, – көлмөнүн үстүнө тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбаңыз, муздун калыңдыгын текшерүү үчүн бутуңуз менен тепкилебеңиз; – кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. […]

Сизге жагышы мүмкүн