

Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн согуштук учактары Тайвандын жээгине жакындады. Тайвандык аскерлердин маалыматы боюнча, авиациялык топ 70 унаадан турат. Арасында бомбалоочу учактары жана аскердик транспорттору бар.
Буга чейин Кытайдын армиясы Тайванга жакын жерде машыгуу өткөрө турганын билдирген. Бул аракеттер аралдын көз карандысыздыгын колдогондор үчүн эскертүү катары кызмат кылары айтылууда.