6-апрелде күтүлгөн аба ырайы

Автор

6-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда тункүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

60 млн долларлык жаңы стадиондун курулушу 2026-жылы аяктайт

Президенттин тапшырмасына ылайык өлкөдөгү чоң стадиондордун бардыгы калыбына келтирилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз футбол биримдигинин башчысы Камчыбек Ташиев Бишкектеги 45 миң орундуу стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышып жатып билдирди. Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир дагы талапка жооп бере турган стадион жок. “Ал 45 миң […]

Сизге жагышы мүмкүн