Айыл чарбасына 414.4 млн сомдук техника алынган

Автор

2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттин колдоосу менен 87 айыл чарба техникасы алынып келинди. Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы таратты.

Алынып келинген 87 техниканын 34тү трактор жана кайра иштеп чыгаруучу техникалар. 12 техника айыл чарба багытындагы унаалар жана 38и атайын техникалар. Алар Белорусия, Түркия, Кытай, Германия жана Орусиядан алынып келинген. Коротулган каражаттын суммасы 414.4 млн сомду түзгөн. Министрлик билдиргендей, алар фермерлерге лизингге берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Айга бара тургандардын аты-жөнү айтылды

НАСАнын расмий сайтында төрт астронавт “Артемида II” кемеси менен Айды айланып уча турганы кабарланды. Миссия 10 күнгө созулуп, 2024-жылдын ноябрь айында башталат. Айды айланып уча турган экипаждын курамына төрт адам кирген. Командир Рид Вайзман, учкуч Виктор Гловер, ошондой эле миссия боюнча адистер Кристина Хэммок Кок жана Жереми Хэнсен. “Бул миссия […]

Сизге жагышы мүмкүн