31-августта Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат

Автор

31-августта аянттын аймагындагы унаа кыймылы саат 17:00дөн 00:00гө чейин чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата концерт өтөт.

“Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат”,— деп белгилешти муниципалитеттен.

Борбор калаанын мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Бөлүшүү:
Next Post

Токаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөткө тапшырма берди. “Мамлекет башчысы өкмөткө казак-кыргыз чек арасында түзүлгөн кырдаалды биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамилелердин духунда жөнгө салууну тапшырды” деп  айтылат  Акорданын Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө. Ошондой эле президент «чек ара аркылуу жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүүгө жол бербөө […]

Сизге жагышы мүмкүн