300дөй адамдын өмүрүн алган поезд кырсыгынын себеби белгилүү болду

Автор

Индиянын Одиша штатында 300гө жакын адамдын өмүрүн алган поезд кырсыгы электрондук блокировка системасынын өзгөрүшүнө байланыштуу болгон. Бул тууралуу Индиянын темир жолдор, байланыш, электроника жана маалыматтык технологиялар министри Ашвини Вайшнав билдирди.
«Биз окуянын себебин жана ага жооптуу адамдарды аныктадык. Бул электрондук бөгөттөөнүн өзгөрүшүнө байланыштуу болду»,-деген министр бийлик поезддердин кыймылын калыбына келтирүүгө көңүл буруп жатканын кошумчалады.
Электрондук блокировка же автоблокировка – бул темир жол поезддеринин ортосундагы аралыктарды автоматтык түрдө жөнгө салуу системасы.

Бөлүшүү:
Next Post

 Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эске салынды

Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.   Ата-энелер жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар. Урматтуу жарандар, эсиңиздерде болсун:   -сууга уруксат кылынган жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек; – тааныш эмес, балыры […]

Сизге жагышы мүмкүн