Швейцария Кыргызстанга кайтарымсыз 3 млн доллар каражат берет. Эгер Жогорку Кеңеш жактырса, бул каражат энергетика тармагын өнүктүрүүгө жумшалат. Акылдуу эсептегичтерди орнотуп, эскилерин алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок, оппозициялык депутаттар бул каражаттын алынышына каршы.
