25-августка карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 25-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37

 

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +30…+35

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37

 

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28

 

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28

 

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 20…22, күндүз 33…35 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

БРИКСтин лидерлери саммиттин жыйынтыгы боюнча декларация кабыл алды

Йоханнесбургда өткөн БРИКС саммитинин жыйынтыгы боюнча декларация кабыл алынды. Документ уюмдун расмий сайтында жарыяланды. Документти Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса тапшырган. Декларацияда БУУ эл аралык системада борбордук ролду ойной турганы, бирок реформага муктаж экени жазылган. Текстте уюм дүйнөдөгү жаңжалдарга тынчсызданып, алардын тынчтык жолу менен чечилишин жактай турганы белгиленген. БРИКС өлкөлөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн