Кыргызстандык репер Москвада камакка алынды

Автор

Кыргызстандык реп аткаруучу Ислам Закиров Орусиянын Тергөө комитети тарабынан кармалып, ага улут аралык кастыкты козуткан деген күнөө коюлду.
Ноябрь айында “Кубок МЦ” деп аталган рэп аткаруучулар таймашкан аянтчанын Ютуб каналында Тажикстандык репчи Шерафган Шарипов жана Кыргызстандык Ислам Закировдун айтышы жарыяланган.
Анда Закиров “кош бойлуу орус аялдарын ура турганын” кошуп ырдаган.
Шарипов таймаш маалында Электросталь шаарында былтыркы болуп өткөн окуяны жамактап ырдаган. Анда чачын жашылга боёгон өспүрүмдүн баш терисин сыйрып кетишкен окуя айтылат.
Көп өтпөй рэпчилердин бул сөздөрү Телеграм баракчыларына жарыялана баштайт.
Азиялык мигранттарга каршы делген “Многонационал” Телеграм-каналынын катталуучулары Тергөө комитетине даттанышкан.
Натыйжада, тергөө комитети 2 рэп аткаруучусуна да каршы кылмыш ишин козголгонун билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШга виза алуу жеңилдеди

2024-жылдын 1-январынан баштап Америка кошмо штаттарынын Кыргыз жарандарына берилүүчү визасынын мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга көтөрүлөт. Мындай маалыматты Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев билдирди. Ошондой эле виза акысына болгон төлөм 205 доллардан 185 долларга кыскартылаары белгилүү болду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн