21-апрелге караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 15…17 градус жогору болот.