2036-жылкы Жайкы Олимпиада оюндары Берлинде  өтүшү мүмкүн

Автор

2036-жылы жайкы Олимпиада оюндары Берлинде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Германиянын Социал-демократиялык партиясынын жана Христиан-демократиялык союзунун коалициясы билдирди.

Биргелешкен билдирүүдө: «Коалиция 2036-жылы  Жайкы Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндардын Берлинде  өткөрүүгө талапкер катары көрсөтүүгө даяр экенин ырастайт», – деп айтылат.

Эске салсак, кийинки үч жайкы Олимпиада оюндары Парижде (2024), Лос-Анжелесте (2028) жана Брисбенде (2032) өтөт. Берлин акыркы жолу 1936-жылы Олимпиада оюндарын өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүндөн тарта бир катар троллейбус каттамдарынын кыймылы өзгөртүлөт

Бишкек шаарында бүгүн, 5-апрелден тарта бир катар троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, троллейбустардын кыймылы Асаналиев көчөсү боюнча канализациялык коллектордун салынышына байланыштуу өзгөртүлмөкчү. Алсак, № 4 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча жүрөт. №7 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева-Киев көчөлөрү боюнча өтүп, андан ары өзүнүн маршруту […]

Сизге жагышы мүмкүн