2026-жылга чейин бүт облустар таза суу менен камсыздалат

Автор

Кыргызстандагы 1873 айылдын 346 сында таза суу системасы курулган эмес. Ал эми 470 айылда система эскирип, жарактан чыгуу абалында турат. Таза суу менен камсыздалбаган аймактарга Ош жана Баткен облустары кирет. Мындай маалыматты Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди. Бирок, бийлик 2026-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактарын таза суу менен камсыздоону убада кылып келүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президент Аннтонелла Бассени менен жолугушканда Кыргызстанда 232 айылда жана 27 шаарда жалпы суммасы 468,2 млн долларлык инвестициялык долбоорлор Дүйнөлүк Банктын салымы менен ишке ашып жатканын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский Молдовага келди

«Бүгүн биз Молдовада иштеп жатабыз. Европалык саясий коомчулуктун саммитине катышуу. Эки тараптуу жолугушуулар көп”,-деди Зеленский. Майдын башында Зеленский Финляндияга барып, президент Саули Ниинистё, премьер-министр Санна Марин жана тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен жолугушкан. Ал ошондой эле Түндүк Европанын өкмөт башчыларынын жыйынына катышып, Украинадагы жаңжал, Киевди колдоо, Украинанын Евробиримдик жана […]

Сизге жагышы мүмкүн