2023-жылы бюджеттен Ош облусуна 940 млн сом каралды

Wp Pw

2023-жылы Ош облусуна бюджеттик трансферттердин көлөмү 940 млн сом менен бекитилди. Ал эми 2022-жылы бюджеттик колдоо 944.7 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

 

Такталгандай, каражат төмөнкү райондор аркылуу бөлүнөт:

 

Алай району – 160.9 млн сом;

Чон-Алай району – 50.2 млн сом;

Араван району – 94.1 млн сом;

Кара-Суу району – 155.3 млн сом;

Ноокат району – 142.9 млн сом;

Кара-Кулжа району – 152.6 млн сом;

Өзгөн району – 184.6 млн сом.

Next Post

Бишкекте жоогазындар гүлдөдү

Бишкек шаарында жоогазындар ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жоогазындар өткөн жылдын күз айында отургузулган. “Жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен кылдаттык менен казылып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат”, – деп айтылат маалыматта. Эске салсак, былтыр жазында “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы Биринчи май районуна 62 миң түп жоогазын отургузган.