Бишкекте жоогазындар гүлдөдү

Автор

Бишкек шаарында жоогазындар ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жоогазындар өткөн жылдын күз айында отургузулган.

“Жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен кылдаттык менен казылып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, былтыр жазында “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы Биринчи май районуна 62 миң түп жоогазын отургузган.

Бөлүшүү:
Next Post

Каныбек Иманалиев Таластагы  мектептерди кыдырды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Талас облусундагы бир катар мектептерди кыдырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Алсак, министр Арашан орто мектеби, М.Мамбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби, №4 орто мектеби жана Чалдыбар мектеп-интернатынын абалы менен таанышты. Аталган мектептердин жетекчилери менен болгон жолугушууда министр PISA-2025 изилдөөсүнө […]

Сизге жагышы мүмкүн