18-апрелде күтүлгөн аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 18-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан карга айланат. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймагында, Ош, Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жаан, тоолорго кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11,

 

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

 

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн үшүк жүрүп, абанын температурасы +1…+6, күндүз +6…+11 градус болот.

 

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +6…+8 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 100дөй адамдын катышуусунда веложүрүш өттү

Бишкекте дем алыш күндөрү 100дөй адамдын катышуусунда веложүрүш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, веложүрүш Алма-Ата көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинен башталып, “Ынтымак – 2” сейил багына чейин уланды. Ошондой эле сейил бакта кичинекей балдар үчүн жарыш болду. Иш-чаранын расмий бөлүгү “Ынтымак – 2” сейил багында […]

Сизге жагышы мүмкүн