18-майга карата аба ырайы

Wp Pw

 

18-майга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде, жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23;

 

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25;

 

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

 

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

 

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11 градус жылуу болот.

 

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 20…22 градус жылуу болот

Next Post

Жарасул  Абдураимов камакка алынышы мүмкүн

“Сиз тез аранын ичинде максатсыз колдонгон каражаттарды ордуна коюп коюңуз. Болбосо, түрмөгө отурасыз. Түрмө сизди күтүп, зарыгып турат”,- деди депутат Жеңишбек Токторбаева “Кыргызиндустрия”  мамлекеттик ишканасынын президенти Жарасул Абдураимовге. “Мамлекеттин, элдин акчасын казынага кайтарышыңыз керек. Мына, сиз жетектеген мамлекеттик ишканада 1 президент, 4 вице – президент, 1 аппарат башчы, 2 кеңешчи […]