Чоң-Алайда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди

Автор

Ош облусунун Чоң-Алай районунда аз камсыз болгон жардамга муктаж 700 үй-бүлөгө кайрымдуулук баштыкчалары таркатылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасын Чоң-Алай райондук хатибияты уюштуруп, “Бириккен Араб Эмираты” кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган.

Аталган иш-чарага райондун акими Темирболот Абыкеев, райондун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов, аталган фонддун өкүлү жана дин кызматкерлери катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Айсулуу Тыныбекованын Азия чемпионатындагы атаандаштары аталды

Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 7-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтмөкчү. Аталган мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова да катышат. Ал күрөшкөн 62 кг салмакта 11 балбан кыз күч сынашаары белгилүү […]

Сизге жагышы мүмкүн