Бош жумуш орундары жарманкесине 3 миңдей адам катышты

Автор

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн бош жумуш орундары боюнча жарманкеге 3 миңдей адам катышып, аларга 6 миңден ашык бош орундар тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу JIA бизнес ассоциациясынан кабарлашты.

Кыргызстандын ар кайсы тармактарынан 80 алдыңкы компаниядан иш берүүчүлөр, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен баарлашуулар өтүп, кесипке багыт берүү сынагы уюштурулду.

Мындан тышкары, ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер жумуш издөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу максатында мастер-класстарды өткөрүштү.

Иш-чараны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана JIA бизнес ассоциациясы уюштурду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 30-ноябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.9 сомдон болсо, сатуу  89.4 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.91 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн