“Өчпөс полк” жүрүшү өтпөй турган болду

Автор

Россияда быйыл “Өчпөс полктун” салттуу жүрүшү өтпөй турганын кыймылдын борбордук штабынын теңтөрайымы Елена Цунаева маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында ар бир адам өз каарманы жөнүндө айтуунун ыңгайлуу жолун тандап алат. Мисалы, унааларга, кийимдерге же төш белгиге ардагердин сүрөтүн жайгаштырууга, ошондой эле социалдык тармактарда аватарды өзгөртүүгө болот.
“Өчпөс полк” — Улуу Ата Мекендик согуштун муунунун элесин сактоо боюнча эл аралык коомдук жарандык-патриоттук кыймыл. Жыл сайын Жеңиш күнүндө кыймылдын катышуучулары согушка катышкандардын сүрөттөрү менен шаарлардын көчөлөрүн кыдырып, кыймылдын сайтында алар тууралуу үй-бүлөлүк окуяларды жазып турушат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты старт алды

Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан мелдешке бардык аймактардан келген 260 спортчу катышууда. Спортчулар төмөнкү салмак категориясында беттешет: Кыздар арасында: 42, 44, 46, 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66 кг; […]

Сизге жагышы мүмкүн