Өлкө аймагында “Салттуу музыка” жумалыгы өтөт. Программасы

Автор

Кыргызстанда 20-25-апрель күндөрү “Салттуу музыка” жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында 19-ирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду жана Кыргыз улуттук “Манас” театры тарабынан уюштурулууда.

 

Жумалыктын программасы:

 

20-апрель – Манас күнү.

 

Иш-чара Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Токтогул Сатылгановдун эстелигинин алдында башталат. Андан соң Евразиялык эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасынын ачылышы, “Ынтымак” сейил багында “Манас” трилогиясы аталышындагы жаңыча форматта “Манас” эпосун баяндаган концерт тартууланат.

 

21-апрель – Дастан күнү.

 

Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде “Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону окутуудагы маселелер” деген темадагы тегерек стол жана “Санатчы, дастанчылык өнөр…” боюнча мастер-класс өтөт. Ошондой эле “Ынтымак” паркында “Эпос… Дастан… Санат…” аталышындагы концерт Кыргыз улуттук “Манас” театрынын уюштуруусунда өткөрүлөт.

 

22-апрель – Күү күнү.

 

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Салттуу музыкалык искусство: күйөрмандар жана заман талабы…” деген темадагы тегерек стол, ушул эле университетте аспапчылык өнөр боюнча мастер-класс, “Ынтымак” паркында жалаң күүлөрдөн турган аспапчылардын концерти тартууланат.

 

23-апрель – Кино күнү.

 

“Манас” кинотеатрында “Сагымбай” көркөм фильми көрсөтүлөт.

 

24-апрель – Ыр күнү.

 

Ош мамлекеттик университетинде “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери” темасында илимий-практикалык конференция, мастер-класс жана Ош улуттук драма театрында “Түштүк жергесиндеги кайрыктар” аттуу концерт болот.

 

25-апрель – Салттуу музыка күнү.

 

Ош мамлекеттик университетинде “Салттуу маданият жана искусствону изилдөө маселелери” деген темада илимий-практикалык конференция, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында жумалыктын жабылыш аземине арналып искусство ишмерлеринин гала-концерти уюштурулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Өлкөнүн социалдык тармагында кадимкидей өзгөрүү бар

Блогерлер Улукбек Карыбек уулу менен Ыдырыс Исаков коррупцияга чырмалышкан мекемелердин бетин ачкан сайын айрым облустардагы жемкорлордун түн уйкусу качты. Ватсап группалардан бири – бирине кабар берип,  “Улукбек келатат, Ыдырыс келатат, этият болгула, ары-жак, бери жагыңарга карагыла” –  деген маалыматтар тарап жатат. Өлкөнүн социалдык тармагы кадимкидей түздөнгөндөй болду. Бирок, айрым жетекчилер […]

Сизге жагышы мүмкүн