Өзгөндө өзгөчө кырдаал жарыяланды

Автор

Өзгөн районундагы жер көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршаб айылына көчүрүлдү. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты. 22-мартта Кызыл-Күңгөй тилкесинде болжол менен 1 млн куб жер көчкү орун алып, 18 үйгө коркунуч туудурган. Көчкү үйлөргө 300 метр гана жетпей калганы айтылат. Учурда көчүрүү иштерине байланыштуу 24 куткаруучу жергиликтүүлөрдөн 40 адам иштеп жатат. Аларга бир ХОВО унаа, 3 камаз жана 5 портер чегерилип берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаштар арасында футзал боюнча өлкө чемпионаты өтөт

“Алай” спорткомплексинде 25-мартта жаштар арасында футзал боюнча өлкө чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.   U-21 өлкө чемпионатынын биринчи баскычы “А” зонасында, Чүй облусу жана Бишкек шаарында башталат.   Жалпысынан “А” зонасында сегиз команда катышат, алар чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча эки топко бөлүнгөн.   “А” зонасынан финалдык баскычка […]

Сизге жагышы мүмкүн