Жаштар арасында футзал боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Автор

“Алай” спорткомплексинде 25-мартта жаштар арасында футзал боюнча өлкө чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

 

U-21 өлкө чемпионатынын биринчи баскычы “А” зонасында, Чүй облусу жана Бишкек шаарында башталат.

 

Жалпысынан “А” зонасында сегиз команда катышат, алар чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча эки топко бөлүнгөн.

 

“А” зонасынан финалдык баскычка эки команда өтүп, оюн 15-16 апрелде Бишкекте болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Тажикстанда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды

23-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 02:07де Тажикстандын Кыргызстандын чек арасына жакын жерде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Рашт облусунун Новобад шаарында жайгашып, Дүйшөмбү шаарында 3-4 балл, Рашт районунда 4-5 баллга жеткен. Кыйроолор катталган жок. Тажикстанда жергиликтүү […]

Сизге жагышы мүмкүн