Эң бай 500 адамдын байлыгы 1,5 триллион долларга өстү

Автор

Bloomberg дүйнөдөгү эң бай адамдар бул жылы байлыгын 1,5 триллион долларга көбөйтүүгө жетишкенин кабарлады.
Жер жүзүндөгү эң бай 500 миллиардердин ичинен технологиялык компанияларга ээ болгондордун байлыгы эң көп өскөн.
Туруктуу инфляцияга, жогорку пайыздык чендерге жана геосаясий баш аламандыкка карабастан, байлыгын жыл сайын 658 миллиард долларга же 48% көбөйтүшкөнүн билдирди. Bloomberg мунун себептеринин бири катары жасалма интеллекттин айланасындагы өнүгүүлөрдү атайт.
Бизнесмен Илон Маск Bloomberg миллиардерлер индексинде француз магнаты жана LVMH жетекчиси Бернард Арнону артка калтырып, рейтингде биринчи орунду ээлеп, эң бай адам аталды. Маск былтыр 138 миллиард доллар жоготкондон кийин быйыл 95,4 миллиард доллар тапкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 30-декабрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.00 сомдон болсо, сатуу 89.40 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 8 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн