Эшимбеков  Катардагы элчиси кызматынан бошотулду

Автор

Чынгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Эшимбеков Чынгыз Казыбаевич Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

Чынгыз Эшимбеков 2019-жылы сентябрда Катарга элчи болуп дайындалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда орточо айлык маяна 32 миң сомду түздү

Быйыл жыл башынан бери өлкөдө орточо айлык маяна 32 миң 146 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, керектөө баасынын индексин эске алганда номиналдуу орточо маяна былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27%га өстү. Эмгек маянанын өсүшү экономикалык ишмердиктин бардык тармагында байкалган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн