Эскертүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Автор

Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 4-майдан 5-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Ракеталык чабуулдарды эскерткен спутник орбитадан чыгып, атмосферада күйдү

«Космос-2222» спутниги спутниги орбитадан чыгып, атмосферада күйүп кеткенин Түндүк Американын Аэрокосмостук коргонуу командачылыгы (NORAD) билдирди. NORAD агенттигинин маалыматына караганда, спутник 3-майда орбитадан чыгып, атмосферага кирген. Учурда ал көзөмөл системасында чагылдырылбай калды. «Космос-2222» спутниги менен «Молния-М» ракетасы 1992-жылдын 25-ноябрында Плесецк космодромунан учурулган. Аппарат АКШдан континенттер аралык баллистикалык ракеталарды учурууну аныктоо үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн