Эртең мененки тамак үчүн пайдалуу жана пайдасыз азыктар

Автор

Эртең мененки тамактануу үчүн пайдалуу жана пайдасыз азыктар тизмеси.

Эртең мененки тамак үчүн пайдалуу азыктар

Ботко.

Эртең менен сулудан же геркулестен жасоо пайдалуу жана аш болумдуу. Сулудан жасалган ботко витамин жана минералдык азыктарга бай.

Быштак.

Мөмө жана жашылча жемиштерди быштакка аралаштырып азыктануу керек. Быштак кальцийге бай, ошондуктан тишти, сөөктү, тырмакты бекемдеп, терини жакшыртып, жаш көрүнүүгө көмөк болот.

Бутерброд.

Бутерброд, бирок, колбаса кошулган эмес. Катуу сыр, быштак, помидор, бадыраң жана ашкөкөктөрдү кошуп бутерброд жасап жесеңиз узак убакыт боюу сергек жана активдүү жүрөсүз.

Эртең мененки тамактар үчүн пайдасыз азыктар

Ачытылган булочка.

Абдан даамдуу, бирок зыян. Ачытылган азык ичти көптүрөт. Албетте бул ыңгайсыз.

Кофе.

Эртең менен кофе ичүү ашказан былжырын жабыркатат. Ашказандан көп суюктук бөлүнүп чыгып, курсакты ачырат. Күндө эртең менен кофе ичсең гастрит пайда болушу мүмкүн.

Мөмө жемиштер.

Айрыкча апельсин, алмурут, курма жана банан. Апельсинде ашказанды кыжырданткан кислота, бананда шекер, алмурутта клетчатка көп.

Йогурт.

Ачкарын йогурт менен азыктануу пайда алып келбейт. Кечки тамактан кийин жесе тамак сиңимдүү болот.

Анан албетте, ачкарын тамеки чегүү же алкоголдук ичимдик ичүү организимге абдан зыян.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай Өзбекстанда 4,4 миллиард долларга күн жана шамал станциясын курат

Өзбекстан Кытай менен жалпы кубаттуулугу 4,8 ГВт болгон 4,4 миллиард долларлык 11 күн жана шамал электр станциясын куруу боюнча макулдашты. Мындай макулдашуулар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кытайга жакында болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилди. Анда Өзбекстанда күн, шамал жана гидроэлектрстанцияларды куруу, фотоэлектрдик панелдерди, электр жабдууларын, трансформаторлорду, аккумуляторлорду чыгаруу, ошондой эле башкарууну […]

Сизге жагышы мүмкүн