Эртең Бишкекте «Бактылуу балалык» республикалык фестивалы өтөт

Автор

Эртең, 1-июнда, “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Бактылуу балалык – Счастливое детство» республикалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, иш-чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышып, көргөзмөдөгү балдардын чыгармачылыгы жана мастер-класстардын иши менен таанышат.

Андан соң министр Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде балдардын сүрөттөрүнүн эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышына катышат.

 

Иш-чарага Франция, Казакстан, Өзбекстан жана Армениянын элчилери да чакырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Стресс кандай ооруларга алып келиши мүмкүн?

Стресс учурунда адамдын организминде журөктүн кагышы күчөйт жан кан басымы өзгөрүшү (көбүнчө – жогорулашы) мумкүн, дем алуу кыйындайт. “Классикалык” психосоматикалык оорулар, алардын өнүгүшүндө стресс маанилүү ролду ойнойт, бул: гипертония, ашказан жана он эки эли ичеги жарасы, бронхиалдык астма, тиреотоксикоз, жаралуу колит, ревматоиддик артрит, нейродермит.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн