Эртең Азия Кубогу башталат

Автор

Эртең, 12-январда Катарда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катышуусу менен 2023-жылкы Азия Кубогу старт алат. Турнирге төрт командадан алты тайпага бөлүнгөн 24 улуттук курама катышат.
Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир тайпадан эки мыкты команда, ошондой эле 3-орунду ээлегендердин ичинен 4 мыкты команда чыгат. Плей-офф баскычында командалар жогоруда көрсөтүлгөн схемага ылайык ойношот.
10-февралда Кубок үчүн финалдык – чечүүчү беттеши орун алат.
Кыргызстандын улуттук курамасы «F» тайпасында орун алган, Таиланд, Сауд Аравия, Оман курамалары менен кез келет.
Эске салсак, Азия Кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катардын 9 стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Испания маска режимин кайрадан киргизди

Испания сасык тумоо жана коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу ооруканаларда маска режимин кайрадан киргизди. Франс Пресс агенттигинин маалыматы боюнча, жаңы жобо медициналык кызматкерлерге жана Испаниянын бардык ооруканаларына келгендерге тиешелүү. “Бирок, талап жеке клиникаларга, дарыканаларга жана стоматологдорго тиешелүү эмес. Алар өз каалоосу боюнча беткап кийсе болот”, – деди Саламаттыкты сактоо министри Моника Гарсиа. […]

Сизге жагышы мүмкүн