Эрдоган Швециянын НАТОго кириши тууралуу протоколго кол койду

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тиешелүү протоколго кол коюу менен Швециянын НАТОго кирүү арызын жактырды жана документти Түркия парламентине бекитүүгө жөнөттү.
Анкара Швециядан Күртстан жумушчу партиясынын  тарапкерлерин өткөрүп берүүнү жана 2019-жылы Түркияга курал экспорттоого киргизилген тыюуну алып салууну талап кылды.
Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү үчүн былтыр май айында арыз берген.  Финляндия апрель айында альянска кошулуп, Швециянын кирүүсүнө Түркия көпкө чейин бөгөт койгон.  Азырынча НАТОнун Түркия менен Венгриядан башка бардык мүчөлөрү Швециянын кирүүсүнө макулдук беришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

КРнын пара жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Жалалидин Абдувалиев Пара Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Оюндар Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жатат. Спортчу Жалалидин Абдувалиев 5 миң м аралыкты 17 мүнөт 18 секунд убакытта чуркап өткөн. Белгилей кетсек, 20-30-октябрь күндөрү Кытайдын […]

Сизге жагышы мүмкүн