Эмомали Рахмон: “Миңдеген мигранттар кетип бирок, жүздөгөн табыттар келип жатат”

Автор

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон парламентте сөз сүйлөп, мигранттардын абалына тынчсызданганын билдирди. “Мен мигранттардын абалын жакшы билем. Миңдеген мигрант агылып кетип жатат бирок, жүздөгөн табыттар келип жатат. Булар бир сындырым таап келүү үчүн ушул жолго барып жатышат. Ал эми биз чоңдор, өзүбүздүн жыргалчылыгыбызды гана ойлойбуз”,- деди.
Ошондой эле Тажик лидер миңдеген атуулдары башка өлкөнүн жарандыгын алып жатканын айтты. Статистика боюнча алты айдын ичинде 87 миң тажикстандык мигрант Орус жарандыгын алган. Бул былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу 13 пайызга көп.

Бөлүшүү:
Next Post

Догдурбек Кыдыралиевге "Кыргыз Эл артисти" наамы берилди

“Ак илбирстин тукуму” тасмасында Кожожаштын ролун ийгиликтүү аткарып элге таанылган Догдурбек Кыдыралиевге “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наам берилди. Эске салсак, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн президент 28-декабрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн