Кызамык оорусу катталган учур 3000 пайызга өстү

Автор

2023-жылдын январынан 5-декабрына чейин Европада жана Борбордук Азияда кызамык оорусунун 30 601 учуру катталды. Бул көрсөткүч 2022-жылы 909 болгон. ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө, оорулардын саны 3,266 пайызга көбөйгөн. Иммунитеттин алсыздыгынан аймакта оорулардын саны өсө берери күтүлүп жатканын ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча директору Регина Де Доминичис билдирди. Анын айтымында, кызамык менен ооругандардын кескин көбөйүшү тез арада көңүл бурууну талап кылат.
ЮНИСЕФтин аалыматы боюнча, кызамык оорусунун эң жогорку көрсөткүчү Казакстанда катталган. Анда 100 миң калкка 69 учур же 13 254 учур. Кыргызстан кызамык оорусу боюнча экинчи орунда турат: 100 миң калкка 58 учур, бул 3811 учурду түзөт.
2019-2021-жылдар аралыгында Европа менен Борбор Азияда 931 000ге жакын бала пландуу эмдөөдөн толук же жарым-жартылай өтпөй калган. Балдардын бардык керектүү эмдөөлөрдү алуусун камсыз кылуу үчүн биргелешкен күч-аракет талап кылынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Элдик курултайда коррупциянын кайда экени айтылды

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Күндүн экинчи жарамында жарыш сөзгө чыккан Оштон келген делегат Абдыжапар Аккулов климаттык өзгөрүүлөр боюнча пикирин айтып, президенттен мөңгүлөрдү коргоону суранды. Тоолорду талкалоого жол бербеңиз деген Аккулов коррупция ошол жакта жатканын айтты. “Кечээ эле Соода палатасынын орун басарлары […]

Сизге жагышы мүмкүн