Элдар Абакиров, ЖК депутаты: “Мугалимге жакшы айлык төлөй албасак, билим берүү тармагы өнүкпөйт”

Автор

“Кыргызстандын экономикасында эң чоң байлык бул – адам ресурсу. Тактап айтканда, ишкерлер, мугалимдер, дарыгерлер жана билимдүү эл. Бирок, билим берүү тармагы бүгүнкү күндө ойдогудай эмес”,- деп билдирди Элдар Абакиров парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында.
Депутат билдиргендей, өткөн жылы сентябрда экономика министрлиги улуттук статистика комитетине таянып, Кыргызстан боюнча орточо айлык 32.142 сом деп билдирген. Ошол эле кезде Салык кызматы да, минималдуу эсептик кирешенин бир айлык өлчөмү 10-11-12 миң сомго чейин деп интернет сайтына чыгарган.
“Кечээ мен 10 чакты мектептин мугалимдеринин айлыгын изилдеп чыктым. Жаш мугалимдер 14.600 сом, математикадан сабак бергендер 17.178 сом, кыргыз-орус тилдеринен стажы бар мугалимдер 17.000 сом, математикадан стажы бар мугалимдер 18.000 сом, ал эми география жана биологиядан сабак бергендер 16-17 миң сомдон айлык алышат экен. Демек, мугалимдин айлыгы 5-6 миң сомго көбүөөк болуп жатат. Бирок, орточо айлык эсебинен 1.5 эсе аз болуп жатат. Билим берүү сапаты мугалимдин билиминин деңгээлинен жогору боло албаганын жакшы билебиз. Андыктан, мугалимге жакшы айлык төлөй албасак билим берүү тармагы өнүкпөйт. Өлкөбүздө 80 миңден ашык мугалим, 1.5 млндон ашык окуучу бар”,- деди.
Депутат билим берүү тармагындагы экинчи маселе, китептер экенин айтты. Ал мектептерден сурамжылоо жүргүзгөндө, 30-40 пайыз китеп жетишпегендигин, Кыргызстан боюнча мектептерде 9 млн китеп бар экендигин, бирок, дагы 9 млн китеп керек экендигин билдирди.
“Ал эми үчүнчү маселе бул- мыйзам. Президент былтыр август айында билим берүү мыйзамына кол койгон. Анын алдында бир топ мыйзамдуу ченемдүү актылар кабыл алына элек тилекке каршы. Биз билим берүү министрин чакырып, кандай иш жүрүп жатат, мыйзамдар кандай аткарылып жатат, балдардын билими кандай, ушул боюнча угуу өткөрөлү”,- деген сунушун берди.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК Матраимовдун мамлекетке өткөн мүлктөрүнүн тизмесин жарыялады

Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 34 млн 810 миң 500 АКШ долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Матраимовго козголгон кылмыш иши боюнча тиешелүү комплекстүү издөө-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Тактап айтканда, Райымбек Матраимов жана анын жакын санаалаштары […]

Сизге жагышы мүмкүн