Эки талапкер арыз берди

Автор

Нурлан Ражабалиевден бошогон №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка Алимберди Бегматов аттанып, ал БШКга арызын берди. Бүгүн, 7-мартта мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин арыздары кабыл алына баштады.
Ал эми Искендер Матраимовдон бошогон N:9-Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Ганишер Бадалов аттуу жаран арыз бергени белгилүү болду. БШК шайлоого аттануучулардын арызын
26-марттан баштап, 8-апрелге чейин кабыл алат.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык аталган эки округда шайлоо 28-апрелге дайындалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты аяктады

Бишкек шаарында оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин базасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, 3-марттан 5-мартка чейин өткөн мелдешке 130 спортчу катышты. Турнирдин максаты – Кыргызстанда оор атлетиканы кеңири жайылтуу, спорттун чеберчилигин жогорулатуу, райондор менен облустар ортосундагы достук байланышты мындан ары чыңдоо жана Кыргызстандын оор […]

Сизге жагышы мүмкүн