Эгемендүүлүк күнүнө карата кандай иш-чаралар өтөт?

Автор

31-августта кечки саат 19.00 до борбордук «Ала-Тоо» аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусу менен майрамдык концерт өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт:

ЛЕНИН РАЙОНУ

2023-жылдын 31-августунда саат 10:00дө  «Ак-Өргө», «Арча-Бешик» жаңы конуштарында, Ю. Фучик атындагы сейил багында — аркан тартыш, ордо, тогуз-коргоол, шашки түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

ОКТЯБРЬ РАЙОНУ

2023-жылдын 31-августунда саат 10:00дө  «Ден-соолук» сейил багында кичи-футбол, волейбол, балдардын жеңил атлетикасы, стритбол, эстафета, ордо, аркан тартыш, таяк тартыш, тогуз коргоол боюнча мелдештер өткөрүлөт.

31-августта    Д. Асанов атындагы паркында – эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш, ордо, тогуз-коргоол, шахмат түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.

Эгемендүүлүк күнүндө  саат 18:00дө Дайыр Асанов атындагы сейил багында тамактардын, музыканын жана суусундуктардын FOODFEST 2023 фестивалы өтөт. Иш-чара Horeca Plus, «Coca-Cola Кыргызстан» тарабынан өткөрүлөт.

Саат 15:00дө Ынтымак-2 сейил багында кайрымдуулук жарманке өткөрүлөт (Хенд мейд, тасмаларды көргөзүү, толкинг клаб ж.б.)

БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ

2023-жылдын 29-августунда саат 10:00дө  Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемесинде театралдашкан «Кыргыз жерим асыл мурасым» концерттик программа уюштурулат;

2023-жылдын 31-августунда (болжол менен саат 14:00)Кайназарова жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде кичи концерттик программанын коштоосунда балдар аянтчасынын ачылышы пландалууда;

2023-жылдын 31-августунда саат 12:00дө «Коломто» муниципалдык мекемесинде майрамдык түшкү тамак уюштурулат.

2023-жылдын 31-августунда саат 10:00дө  «Калыс-Ордо», «Көлмө» жаңы конуштарында, Жаштар сейил багында ордо, шахмат, аркан тартыш, тогуз-коргоол, үстөл тенниси түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

СВЕРДЛОВ РАЙОНУ

2023-жылдын 30-август күнү саат 10:00дөн 13:00гө чейин “Каражыгач” сейил багында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Парктын аймагы шарттуу түрдө 5 зонага бөлүнөт -маданият, көңүл ачуу оюн зооктору, ден-соолук жана спорт, чыгармачылык, тамак-аш зонасы, анда бир убакытта майрамдык жана көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт. Чыгармачылык зонасында асфальтка, мольбертке сүрөт тартуу боюнча ар кандай мастер-класстар уюштурулат.

Спорт зонасы- спорттук талаада спорттун 5 түрү боюнча — пионербол, дартс, шашки, шахмат, футбол, тогуз коргоол боюнча спорттук мелдештер өткөрүлөт. Оюн-зоок зонасын уюштуруу үчүн батут орнотулуп, балдар поезди, балдар үчүн автоунаалар каттайт, самокаттарды жана велосипеддерди ижарага алуу уюштурулат.

Маданият зонасында чыгармачыл топтордун майрамдык концерти уюштурулат. Фуд-корт зонасында конокторго тамак-аш уюштуруу үчүн фуд-корт орнотулуп, балмуздак жана улуттук суусундуктар сатылат. Бардык балдарга балмуздак жана сергитүүчү суусундуктар таратылат.

2023-жылдын 31-августунда саат 10:00дө  № 11 Орто мектептин базасында, «Каражыгач» багында, Энесай жаны конушунда, «Учкун» кичи районунда тогуз коргоол, эстафета, аркан тартыш, ордо, таяк тартыш, кичи футбол, үстөл тенниси боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

26-августка карата аба ырайы

26-августта өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,   Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,   Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25,   Нарын облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн