Ысык-Көл районунда катуу сел жүрдү

Автор

Бүгүн, 20-сентябрда  нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 12:00дөр чамасында кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган.

Жерине тиешелүү техникалар тартылып, учурда селдин кесепеттерин жоюу иши башталды.

Бөлүшүү:
Next Post

21-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

21-сентябрда күндүзү Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;   Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;   Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;   Ысык-Көл […]

Сизге жагышы мүмкүн