Ысык-Көлдө эки райондун акимдери кызматтан кетти

Автор

Ысык-Көл облусунда Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдери кызматтан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыздарын жазды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Жумадылов Калыбек Аманатович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Адиев Каныбек Маматбекович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда жыйын өтүп, анда аталган райондун акимдерине сөгүш жарыяланганы айтылган болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы грузин тилине которулду

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата  чыгармалары грузин тилине которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалым атка ылайык, кириш сөздү улуу жазуучунун уулу – экс-тышкы иштер министри Аскар Айтматов жазган. Китептин бет ачары ушул жылдын күзүндө Тбилисиде өткөрүлмөкчү. Чыгармалардын жыйнагына “Биринчи мугалим”, “Кызыл жоолук […]

Сизге жагышы мүмкүн