НАТО саммитинин экинчи күнү уланууда

Автор

Вильнюста НАТОго мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусунда НАТОнун саммити уланууда.

Жыйынга 31 мүчө-өлкөнүн, ошондой эле альянска чакырылган өлкө катары Швециянын лидери катышууда.

Мындан тышкары, саммитке НАТОнун Индо-Тынч океан боюнча өнөктөштөрү Япония, Түштүк Корея, Австралия жана Жаңы Зеландия, ошондой эле Европа Биримдиги (ЕБ) катышууда.

Талкуунун ачылышында сүйлөгөн НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО Европа менен Атлантикадагы аймактык альянс экенин, бирок анын алдында турган чакырыктар глобалдуу экенин айтты.

Анын айтымында, Евро-Атлантика жана Индо-Тынч океан аймактарында болуп өткөн окуялардын өз ара таасир тийгизүү жагынан чоң мааниси бар. «Украинадагы жаңжал глобалдык масштабдагы кесепеттерге алып келет, терроризм жана киберкоркунучтар чек араны билбейт, авторитардык режимдер жакындап баратат», – деп белгиледи Башкы катчы.

Бөлүшүү:
Next Post

Каратэ-до боюнча курама команда Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын каратэ-до боюнча курама командасынын мүчөлөрү Мелака шаарында (Малайзия) өтө турган Азия чемпионатына катышат.   Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдеш 18-23-июль күндөрү өтөт.   Курама команданын тизмеси:   – Милана Сагынбаева — спорт чебери; – Умида Айсаева (50 кг) — спорт чебери; – Кымбат Тойтонова (61 кг) — […]

Сизге жагышы мүмкүн