Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-29-август күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

28-29-август күндөрүндө абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде 0…-2° үшүк, күндүз 13…18°. Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 1…6° ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жыйналды

Ысык-Көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жыйналды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  билдирди. Маалыматка ылайык,  Ысык-Көлдү акыр-чикирден арылтуу иштери уланып жатат.  Анда март айынан бери мекеменин суучулдары көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жана 98 миң метр балык уулоочу торду алып чыкканын кабарлады. “Ушул тушта Кара-Ой, Чок-Тал айылындагы муниципалдык жана […]

Сизге жагышы мүмкүн