Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Автор

Азербайжанда кезексиз президенттик шайлоого байланыштуу шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды.Республиканын мыйзамдарына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери добуш берүү күнүнө 23 күн калганда башталып, ага 24 саат калганда аякташы керек.
Президенттикке талапкерлер: башкаруучу Жаңы Азербайжан партиясынан көрсөтүлгөн учурдагы мамлекет башчысы Илхам Алиев. Өзүн өзү көрсөткөн Захид Оруж, Улуттук фронт партиясынан Рази Нуруллаев, Улуу Жаратуучулук партиясынан Фазил Мустафа, “Улуу Азербайжан” партиясынан Эльшад Мусаев, Азербайжан Бириккен элдик фронтунан Гудрат Гасангулиев жана өзүн өзү көрсөткөн Фуад Алиев.
Азербайжанда кезексиз президенттик шайлоо 7-февралда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

"Реал Мадрид" Испаниянын Суперкубогун жеңип алды

“Реал Мадрид” клубу “Барселонаны” утуп, он үчүнчү жолу Испаниянын Суперкубогун жеңип алды. Эр-Рияддагы Падыша Сауд университетинин жабык стадионунда өткөн жолугушуу 4:1 (3:1, 1:0) эсебинде Реал Мадрид оюнчуларынын жеңиши менен аяктады. Беттеште эсепти “Реалдын” бразилиялык чабуулчусу Винисиус Жуниор ачып, 7-мүнөттө гол киргизди. Үч мүнөттөн кийин Жуниор “Лос Бланкостун” эсебин экиге чыгарып, […]

Сизге жагышы мүмкүн