Шайлообек Атазов түрк ишкерин колдоп чыкты

Автор

Бүгүн, 18-майдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сырттан келген инвесторлорду коргоп, кубаттоо боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Шайлообек Атазов Али Баклан аттуу түркиялык инвестордун заводун басып алгандар боюнча айтып, тез аранын ичинде укуктук баа берилиши керек экенин билдирди.

“Президенттин инвесторлорду коргоо боюнча атайын мыйзамы бар. Жалал-Абадда Али Бакландын заводун тартып алышты. Мен 2-декабрда бул маселени айттым эле, протоколдук тапшырма берем, муну чечпесек, өлкөбүзгө инвестор келбейт. Айтылганы менен чечилбей жатат”-, деп билдирди Шайлообек Атазов.

Белгилей кетүүчү жагдай, түрк ишкери Али Баклан 2014-жылдан бери Кыргызстанга келип, укук коргоо органдарына кайрылып келет. Бул маселе мындан мурда бир топ жолу парламент жыйынында көтөрүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан менен Кытай визасыз режимди макулдашты

Кытай менен Казакстан өз ара визалык талаптардан бошотуу боюнча келишимге кол коюшту. Эки өлкөнүн жарандары башка мамлекеттин аймагында чек арадан өткөн учурдан тартып 30 күндөн ашык эмес жана 180 күндүк мөөнөттө 90 күнгө чейин жүрө алышат. Визасыз келишимден тышкары дагы жыйырма меморандумга кол коюшту. Алардын арасында маданий борборлорду түзүү ниети […]

Сизге жагышы мүмкүн