Шаардын ичиндеги тергөө абагы сыртка көчүрүлөт

Автор

“Менин үйүм -2021-2026” программасынын негизинде 2026-жылга чейин кыргызстандык 50 миң тургун үйлүү болот. Президент ФБ баракчасы аркылуу төмөндөгүдөй маалымат берди.

“Былтыр 47-колонияны Молдовановка айылына көчүрдүк. Анын ордуна кичирайон салынып жатат, 1,5 жылдан кийин бүтөт. 5500 үй-бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак жай беребиз. Мындан сырткары Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облустарга да долбоорлор даярдалып жатат. Аларды дагы МИК аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз”, -деп жазды президент.

Кийинки жылы Бишкектеги N:1-тергөө абагын көчүрүп, анын ордуна да кичирайон курулаарын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент өлкөдө суу керектөөнү 10 пайызга кыскартууну талап кылды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдө сууну керектөөнү 10 пайызга кыскартууну талап кылды. Демилге дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнө жооп кайтаруу зарылдыгы менен түшүндүрүлөт. Ушул жылдын жай айларында Франция кургакчылык, токой өрттөрү жана дарыялардын кургашы коркунучунда турат. Андыктан өкмөт бул боюнча өз убагында чара көрүүнү пландаштырууда. Ага ылайык 2023-жылдын жай айына чейин бардык […]

Сизге жагышы мүмкүн