Президенттин администрациясынын түзүмү кыскарды

Автор

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны оптималдаштырылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Бул чечим чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана оптималдаштыруусун жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, президенттин администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскартылып, 259 адамды түздү.

Жүктөлгөн функцияларды рационалдуу аткаруу максатында айрым түзүмдүк бөлүмдөр кайра түзүлдү жана бириктирилди, бир катар кызматтар жоюлду.

Ошону менен бирге бошотулган штаттык бирдиктердин эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө иштин абалына ар тараптуу талдоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр күчөтүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Өкмөт Жогорку Кеңештин укуктарын кыскартуу мыйзамын Айбек Осмонов четке какты

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитетинин жыйынына Министрлер кабинети сунуштаган КР айрым мыйзам актыларына мамлекеттик органдардын, КР тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, КР Эл аралык  келишимдери жөнүндө, КР мыйзамдарына өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу КР мыйзам долбоору депутат Айбек Осмоновдун демилгеси менен четке кагылды. “Бул […]

Сизге жагышы мүмкүн