Чукул билдирүү! Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Автор

Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 25-марттан 27-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу);

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында, (Сөөк ашуусу), 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

Кырсык катталган учурда “112” бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Түштүк Африка Республикасы: Путиндин камалаарынан кооптонууда

Түштүк Африка Республикасынын бийлиги территориясына келген чет өлкөлүк лидерди камакка алуулар өкүнүчтүү болот деп эсептейт. Bloomberg мындай маалыматты Түштүк Африка Республикасынын тышкы иштер министрлигинин эки кызматкерине таянуу менен жазды. Алардын айтымында, өкмөт Эл аралык кылмыш сотунун буйругу менен Россиянын президенти Владимир Путинди камакка алуу ордерин аткаруу зарылдыгынан качуунун бардык жолдорун […]

Сизге жагышы мүмкүн