Чолпон- Атада «Мейкин Азия» III эл аралык Ысык-Көл фестивалы башталат

Автор

Эртең, 18-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын «Мейкин Азия» III эл аралык Ысык-Көл фестивалы башталат. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багыт алып, келечекте популярдуу музыка аткаруучулардын башын бириктирген ири аянтчага айланат.

Иш-чарада 20-августта жыйынтыкталат.

Фестивалга Азия жана Европа өлкөлөрүнөн келген ырчылар катышып, Казакстан, Түркия, Россия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген эстрада жылдыздары улуттук жана дүйнөлүк хит ырларды тартуулайт.

Эл аралык Ысык-Көл фестивалынын максаты маданияттардын диалогу аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо, таланттуу жаш аткаруучуларды табуу жана колдоо, Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлообек Атазов Бишкектеги кооптуу  көпүрөлөрдүн абалы менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Бишкек шаардын чыгыш автобекетинин аймагында жайгашкан Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн абалы менен таанышты. Учкун конушунун тургундары менен  жолугушкан эл өкүлүнө  аймактагы көпүрөнүн кооптуу жайдагы негизги маселе катары айтылды. Көпүрө унаалардын жол жүрүүсүндө авариялык абал жаратып, жөө адамдар өтүүчү бөлүгү четинен бузула баштаган. Учурда бир топ жыл […]

Сизге жагышы мүмкүн